Жогорку Кеӊештин бүгүн, 21-сентябрында өтүп жаткан жыйынында өлкө турмушундагы бир катар маанилүү маселелер боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулууда. Жыйынга Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламент жыйынынын күн тартибинде чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы сындуу өтө талылуу маселелер боюнча маалыматтарды угуу жана талкуулоо милдети турганын баса белгиленди.
Ал дагы бир көйгөйлүү маселе, чек ара маселелерин чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат Өкмөттүн өтүнүчү менен жабык эшик артында карала турганын эске салды.
КР ЖК Басма сөз кызматы