Төрага Дастанбек Жумабеков ЕККУнун Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту

05-02-2019 15:11

Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алакасы жана ЕККУ Парламенттик ассамблеясы менен Жогорку Кеңештин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан эл аралык уюмдар менен болгон алаканы арттырууга, анын ичинен ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп: “Парламенттик демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкөбүз үчүн бул жаатта ийгиликтүү өнүгүп жаткан мамлекеттердин тажрыйбасы өтө зарыл. Айрыкча, ЕККУнун алкагында мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана адам укугун коргоо багытында кызматташуу учур талабы. Жогорку Кеңеш да ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы аркылуу байланышты чыңдоого кызыкдар”, – деди.

Ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолгон Төрага гендердик теңчиликти камсыздоо, жарандык коомду күчтөндүрүү, шайлоо системасын жакшыртуу, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо сыяктуу бир катар иштер тынымсыз улантылып жатканын кошумчалады.

Андан тышкары, “Биздин башкы максатыбыз демократиялык баалуулуктардын чегинде, парламентаризмди өнүктүрүү” – деген Дастанбек Жумабеков, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө аркылуу өлкөнүн келечегине керектүү чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш жигердүү иш алып барып жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс Кыргызстан Орто Азиядагы чыныгы демократия шарттарын карманган өлкө экенин билдирип: “Жарандык коомдун күчтүүлүгү, көп партиялуулук жана парламенттин ишинин ачык-айкындуулугу жогору баага татыктуу”, – деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш ЕККУ ПА менен болгон кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп жатканына токтолуп, өткөн жылы Бишкек шаарында уюштурулган ассамблеянын күзгү отуруму ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү менен эсте калганын кошумчалады. Ошондой эле ЕККУ Кыргызстан менен бардык тармактар боюнча байланышты арттырууга кызыкдар экендигин айткан Пьер фон Аркс Жогорку Кеңеш менен да алакаларды кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Мындан сырткары, жолугушууда Бишкектеги ЕККУ Академиясынын негизинде билим берүү жаатында да кызматташуу маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1259

Окшош жаңылыктар