Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл өкүлдөрү миграция, жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө Өкмөттүн астына бир катар маселелерди коюшту

21-09-2016
18:40

Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 21-сентябрындагы жыйынында өлкө турмушундагы бир катар маанилүү маселелер боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйындын күн тартибине чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы сындуу өтө талылуу маселелер боюнча маалыматтарды угуу жана талкуулоо коюлган.

Талкууда эл өкүлдөрү тарабынан жарандардын чет өлкөлөрдөн иш издеп кетүүсүн азайтуу максатында жумуш орундарын түзүү максатында канчалаган ишканалар ачылып жаткандыгына кызыгышты. Ошону менен катар кош жарандуулук маселесинин чечилиши кайсы деңгээлде тургандыгы, жол коопсуздугу жаатында айдоочунун күбөлүгү боюнча окуткан мекеме жооп береби же күбөлүк берген мекеме жооптуу болору боюнча суроолор берилди. Бул боюнча адам өмөрүн алган жол кырсыктары айдоочу күбөлүгүн берүүдөгү коррупциянын кесепетинен болуп жаткандыгы боюнча пикирлер айтылды. КР Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кош жарандуулук маселесине Орусия тарап макул эместигин белгиледи. Ал айдоочунун күбөлүгүн берүүдө бир мекеме иш алпаруусун жана жоопкерчилик да ошол мекемеде болуусун камсыздалышы керектиги боюнча чара көрүлөөрүн айтты.

Депутат Дастан Жумабеков Орусиянын чоң-чоң шаарларына эмгек мигранттарына укуктук жактан жардам берүү боюнча Кыргызстандын каржылоосунда юридикалык бөлүмдөрдү ачууну сунуштады. Жумушчу орундарын түзүү багытында депутат Осмонбек Артыкбаев туризм тармагында системалуу программа иштелип чыгуусу керектигин белгиледи. “Мигранттардын көйгөйүн системалуу чечүү үчүн сапаттуу мыйзам кабыл алуу”,- деген депутат Каныбек Иманалиев 3 жыл мурун кабыл алынган тиешелүү мыйзамдын аткарылышын тактап, чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттардын өкүлдөрүн консул кылып дайындоо маселесин караштырууга чакырды.

Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө депутат Алтынбек Жунусовдун пикиринде, жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды техникалык кароодон өткөрүүнү жеке компанияларга өтүп кетиши менен байланыштырып, бул кызмат көрсөтүүнү же мамлекеттик каттоо кызматына же ички иштер министрлигине берүүнү сунуштады.

Депутат Махабат Мавлянова “Коопсуз шаар” долбоору качан ишке ашаарына кызыгып, азыркы тапта бул долбоор боюнча сот процесси жүрүп жаткандыгынан маалымдар болду.

Учурда талкуу  уланууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы