Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 21-сентябрындагы жыйынында чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы сындуу маселелер боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынга Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
КР Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө турмушундагы бир катар маанилүү маселелер боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.
Жыйында эл өкүлдөрү чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын натыйжалуу коргоо, өлкө ичинде жумушчу орундарын түзүү, жол кырсыктарынын келип чыгышы жана аларды болтурбоо боюнча чаралар жаатында бир катар суроолоруна жооп алышты.
Талкууда кыргыз телеканалдарынын талантуу журналисттери аркылуу миграциянын күнгөй-тескейи боюнча материалдарды байма-бай берүү боюнча пикирлер айтылды. Ошону менен катар чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин диаспора башчыларын миграция көйгөйлөрүн чечүүдө ишке тартуу зарылдыгы белгиленди. “Коопсуз шаар” долбоору учурда өтө зарыл болуп тургандыгы кошумчаланды.
Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Анда тышкы жана ички миграция боюнча ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын жана макамын жогорулатуу, аймактык түзүмдөрүн тийиштүү штаттык бирдиктери менен түзүү, КРнын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн материалдык-техникалык базасын күчөтүү жана штаттык санын көбөйтүү, Орусиянын региондорунда КР Миграция кызматынын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча иштерди тездетүү сындуу тапшырмалар белгиленген. Ошондой эле “200-жүк” кызматын акысыз жүргүзүүнү камсыздоо сындуу бир катар маселелер каралган. Мындан сырткары, КР Жогорку Кеңеши менен Тышкы иштер министрлигине дагы бир катар тапшырмалар берилген.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы