Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттары Венеция комиссиясынын делегациясы менен жолугушту

15-06-2016
12:26

Бүгүн 15-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Венеция комиссиясынын делегациясы менен жолугушушту.

Жолугушууга Кыргызстан тараптан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова,  Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Таалайбек Масабиров, Жанар Акаев жана Курманкул Зулушевдер катышышты. Ал эми Венеция комиссиясынын делегациясынын курамында Латвиянын шайлоо комиссиясынын өкүлү Арис Цимдарс, шайлоо укуктары боюнча эркин эксперт Питер Ворлд, Молдовалык Венеция комиссиясынын орун басары  Владимир Гросу, Борбордук Азиядагы долбоорлор боюнча менеджер Светлана Аниссимовалар болушту.

Жолугушуу учурунда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары А.Өмүрбекова  Венеция комиссиясынын өкүлдөрүнө буга чейинки көргөзгөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип “Биз сиздер менен кызматташууга даярбыз жана эки тараптуу кызматташуунун мындан ары өнүгүшүнө кызыктарбыз” деди Өмүрбекова.

Өз кезегинде В.Гросу 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого жогорку баасын берип, “Бул шайлоо Кыргызстандын алга жылуусуна чоң өбөлгө түзө алды. Албетте айрым мүчүлүштүктөр болду, ал кемчилдиктерди алдыда келе жаткан президенттик шайлоодо эсе аласыздар деп ишенем” деди ал. Ошондой эле В.Гросу Венеция комиссиясы Европа биримдигинин шайлоо системасын жакшыртууга багытталган долбоорлорунун бири болуп калаарын кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар мындан ары кызматташуу тууралу пикир алмашышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы