Жаңы чыгарма: Айтматовдун ааламы - аздек дүйнө!

08-02-2019 14:23

Асман да жоктоп өксүдү,

Жайнаган жылдыз көктөгү,

Чачырап туш – туш тарапка,

“Саманчы жолу” бөксөрдү, - деп адабияттын кайталангыс алпы Чыңгыз Айтматовду бир гана анын чыгармачылыгын аздектеген коом эле эмес, жазуучунун чыгармаларындагы каармандар да кошо жоктогон обондуу чыгарма жаралды. Сөзү жаш акын Эрнест Түмөнбаевге, ал эми обону Чыңгыз Турдубековго таандык.

Анын алгачкы тушоосу бүгүн, 8 – февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде кесилип, жаш ырчы аткаруучу Суран Садыбакасов тарабынан тартууланды.

Ошондой эле уктурууга катышкан жаш ырчы Айжанат Асылбекова да кезегинде залкар жазуучуну убагында көрүп, улуу калемгердин колунан белек алып калууга үлгүргөндүгүн кубануу менен эстеп өттү.

Тарыхый улуу инсандын колунан белек алган көз ирмем менин окуучулук учурума туура келген, - дейт А.Асылбекова.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 389

Окшош жаңылыктар