“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков ЕККУнун программалык кеӊсе башчысы Пьер фон Арксты кабыл алды

08-02-2019 16:52

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 8-февраль күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги, өлкөдө парламенттик демократия салттарын калыптандыруу жаатында пикир алышты.

Фракция башчысы Алмазбек Баатырбеков ЕККУ Кыргызстан, анын ичинде кыргыз парламенти менен узак жылдардан бери тыгыз кызматташып, бир топ социалдык-экономикалык ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келатканын белгиледи. «Кыргызстан 2010-жылдан тарта парламенттик башкаруу формасын тандап алган. Бул өнүгүүнүн туура жолу экенин мезгил өзү көрсөттү. Өткөн жаӊы заманбап технологиялардын жардамы менен таза жана ачык-айкын өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолор анын айкын күбөсү. «Кыргызстан» партиясы да парламентке ошол шайлоонун шарданы менен келди. Буюрса, биз үчүн келерки шайлоонун жыйынтыгы да жакшы болот деген үмүттө турабыз», - деди ал.

Ал эми ЕККУнун Бишкектеги программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс мырза Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндөгү бирденбир демократиялуу өлкө болуп саналарын айтты. «Кыргызстанда иштегиме эки жылдан ашты. Өзүм Швецариядан болом. Эки өлкөнүн жаратылышы менен калкынын мүнөзүндө окшоштуктар көп экенин баамдадым. ЕККУ – эл аралык ири уюмдардын бири, Кыргызстан аны менен жакындан иштешүү алкагында көптөгөн жакшы нерселерди ала турганына тереӊ ишенем. Биз дагы Жогорку Кеңеш менен мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн жакшыртуу, анын жарандык коом жана шайлоочулар менен болгон байланышын бекемдөө, демократиялык баалуулуктарды жайылтуу жаатында биргелешип иш алпарууга даярбыз” – деди ал.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 981

Окшош жаңылыктар