Депутат Кубанычбек Нурматов: «Өкмөт документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу саясатын колго алышы керек»

08-02-2019 16:58

Бүгүн, 8-февралда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасында мамлекеттик маанидеги документтердин чыгарылышы, коопсуздугу жана мамлекеттик үлүшү бар типографияларды эффективдүү башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө (“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын 2017-жылдын 16-июнундагы №111/3 чечимине ылайык) аткарган жана аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат угулду.

Фракция жыйынында аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев, «Учкун» ачык акционердик коомунун (ААК) директору Дайыр Кенекеев, «Континент Принт» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) директору Жаманкул Галдыбаев баяндама жасашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Учкун» ААКсында мамлекеттин үлүшү 85%, ал эми «Континент Принт» ЖЧКсында 65%. Аталган эки ишкананын жетекчилери бүгүнкү күндө ишканаларда баардык документтерди чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. «Учкунга» паспорт, айдоочу күбөлүгүн басып чыгаруу үчүн 900 миӊ доллар турган жабдык сатып алуу маселеси бар. Калган документтерди чыгарууга толук даяр. Ошону менен катар мамлекеттик маанидеги документ басып чыгарууда коргоо жаатындагы талаптарга да жооп бере алат.

Бул маселени фракция жыйынына алып чыгууну демилгелеген депутат Кубанычбек Нурматов өзүбүздүн типографиялар турса, окуу китептери, мамлекеттик маанидеги документтер чет өлкөлөрдөн тапшырык менен чыгартылып жатканын сынга алды. Дайыр Кенекеев Италиядан басылып чыккан окуу китеби менен «Учкун» басып чыгарган китепте эч кандай айырмачылык жок экенин айтып, чыгарылган китептерди эл өкүлдөрүнө көргөздү. Ошондой эле паспорт, айдоочу күбөлүгүн басып чыгаруучу 900 миӊ доллардык жабдуу сатып алууга насыя бере турган банктар даяр экендигин тактады. «Тиешелүү шарттарды түзүп берип, маанилүү документтерди чыгарууга мамлекет заказ кылса баардык маселе чечилет эле. Дегеле маанилүү документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу боюнча мамлекеттик саясатты Өкмөт колго алышы керек».- дейт ал. «Учкун» менен «Континент Принт» ишканасынын жетекчилери Өкмөт каржылык колдоо көрсөтө албаса дагы, басып чыгарууга болгон заказдарын бизге берсе, мамлекетке да, мамлекетттин үлүшү болгон ишканаларга да пайдалуу болмок дешти. Анткени, чет элдик компания документ басып чыгаруудагы акысы алда канча жогору экенин алар сандык маалыматтар менен тастыктап, жасалма документ чыгарууга каршы коргоочу элементтери дагы жогору болорун кошумчалашты. Фракция депутаттары да бул жол менен канчалаган көйгөйлөр өзүнүнөн өзү чечилерине бир катар жүйөлөрдү келтиришти. Ошону менен катар акциздик марканы чыгарууга Литва компаниясы тендерден утуп алгандыгы, андагы мыйзам бузууларды тиешелүү күч органдарына тапшыруу маселеси белгиленди.

Жыйынтыгында мамлекеттик маанилүү документтерди, окуу китептерин басып чыгарууну мамлекеттин үлүшү болгон компанияларга берүүгө багытталган чечим кабыл алынды. Эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлер кабыл алынган чечимге камтылмай болду.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 215

Окшош жаңылыктар