Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Мирлан Бакиров: «Сепаратист Кадыржан Батыровдун ОБСЕдеги билдирүүлөрүнө саясий баа берилиши керек»

22-09-2016
10:21

Кезинде өлкөнүн коопсуздугуна, эл ынтымагына залал келтирген, күнөөсү Кыргызстандын соттору, улуттук комиссия, көзкарандысыз комиссия, эл аралык комиссия тарбынан аныкталган, чет өлкөдө качып жүргөн Кадыржан Батыров ОБСЕнин аянтчасына чыгып, Кыргызстанды, анын ичинде кыргыз парламентин жамандап жатат. Биз бул маселе боюнча чечкиндүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

«Качкын Кадыржан Батыров жанагы Азимжан Аскаров деген неме болбосо, өзбек калкы таптакыр кароосуз калмак экен дейт. Анын жанында Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова сындуу укук коргоочулар дагы отурат. Сепаратисттин ОБСЕ жыйынына кантип барып калган жагдайы тууралуу маалымат угуп, парламент мындай көрүнүшкө саясий баасын берип, бир чечимге келиши керек. Тармактык комитет муну эске алат деген ойдомун», - деп кошумчалады эл өкүлү.

КР ЖК Басма сөз кызматы