Депутат президентке жана депутатка талапкерлерге карата кошумча талаптарды киргизүү демилгесин көтөрдү

12-02-2019 12:41

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети президентке жана депутатка талапкерлерге карата кошумча талаптарды киргизүүгө багытталган «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» КР конституциялык мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечи – депутат Кенжебек Бокоев.

Демилгечи мыйзам долбоору аркылуу президенттик жана депутаттык кызмат орундарына талапкер болгон адамдарга кошумча талаптар киргизүү сунушталып жатканын айтты. «Долбоорго ылайык, соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, оор кылмыш же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар, ошондой эле жогорку билими жок жарандар президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло албайт», - деп, ал ушундай эле талаптар шаарлардын мэрлери менен айыл өкмөтүнүн башчыларына да коюлуп жатканын кошумчалады.

Депутаттын айтымында, шайлоочулар менен жолугушканда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жогорку билими жөнүндө маселе такай көтөрүлүп келет. «Чынында эле эмне үчүн майда-барат кызмат орундарына жогорку билими жөнүндө талап бар дагы, президенттикке жана парламент депутаттыгына талапкерлерге андай талап жок? Нааразычылык ошондон улам жаралууда», - деди ал.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Президенттин аппараты менен Башкы прокуратура мыйзам долбоорун кыйыр болсо дагы колдобой койгонун эске салып, ага вето коюлуп калышы мүмкүн экенин эскертти.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 210

Окшош жаңылыктар