Түз
эфир
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Мамлекеттик материалдык резерв фондундагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу макалалар чыгууда. Көрсө, фонд курттаган унун 16 сомдон сатып жатыптыр. Өкмөт бул маалыматты уктубу-жокпу билбейм, бирок бул боюнча чечкиндүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
«Мамлекеттик материалдык резерв фонду курттаган унун карылар үйлөрү менен жетим-жесирлерге сатат экен. Азыр анын кампасында дагы 70 тонна ун калды деген маалымат бар. Ушу кантип болсун. Өкмөт муну тезинен токтотуп, кылдат иликтөө жүргүзүү менен, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу зарыл», - дейт эл өкүлү.
КР ЖК Басма сөз кызматы