Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча иш-чаралардын планына өзгөртүү киргизүү сунушталды

12-02-2019 10:06

11-февралда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун 12-жыйыны өткөрүлдү.

Аталган жыйында жумушчу топтун төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков 2018-жылга белгиленген иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалымат берди.  Айтылган маалыматтарга таянсак, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия планда белгиленген өздөрүнө тиешелүү иш-аракеттерди толугу менен аткарууга жетишкен. Башка тиешелүү министриликтер менен ведомстволор тарабынан планда белгиленген иш-чаралардын аткарылбай калган жактары бар. Алсак, Билим берүү министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, Маданият министрлиги бөлүнгөн каражатты толук колдоно албай, белгиленген иштерди бүткөрө албай калган фактылар кездешет. Айрым аткарылбай калган иштердин обьективдүү да, субьективдүү да себептери бар экендиги баяндамачылардын сөзүндө айтылды.

Жалпы билим берүүчү мектептерде колдонулуп жаткан кыргыз тили, адабияты китептеринин сапатынын төмөндүгү, ката чыгып жаткандыгы, түшүнүксүз жагдайлардын көп кездешкени боюнча эл тарабынан сын пикирлер айтылып жатканын жумушчу топтун төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымдап, буга айрыкча көңүл буруу керектигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки балдар үчүн атайын программалык иш-чара иштеп чыгуу, «Манас» анимациялык фильмин тартуу, көзү азиз балдарды аудио арип менен окутуу, мурда басылып чыккан «Манас» эпосун, Ч.Айтматовдун 10 томдугун кайра басып чыгаруу өңдүү сунуштар айтылды. Ал эми кыргыз радиосунун жетекчиси Шайырбек Абдырахманов заманбап үн жазгыч аппараттары менен камсыз кылуу жагын өтүндү.

Мына ушул жана башка бир катар маселелер ортого салынып, талкууга алынды. Алдыдагы жылга карата аткарыла турган иштер белгиленди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 202

Окшош жаңылыктар