Тармактык комитетте “Курал” жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды

12-02-2019 16:15

Бүгүн, 12-февралда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде “Курал” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, 1- окууда жактырылды.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты- коомдогу коопсуздукту сактап, адам өмүрүнө, саламаттыгына кам көрүү.

Өлкөнүн жарандары же чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды жана патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшырууга болот. Аларга куралдын көлөмү, сапаты, чыккан күнүнө жараша акы төлөнүп берилмекчи.

Ошондой эле бул мыйзамда өздөрүнүн менчиги болбогон, таап алган же аларга берилген атылуучу куралды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Курал ички иштер органдарына токтоосуз өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 2010-жылы саясий окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголгон, алардын 48% кайтарылып берилип, учурда 608 адамдардын колунда турат. Ал эми өз ыктыяры менен келип куралдарды өткөрүп бергендер дээрлик каттала элек.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 102

Окшош жаңылыктар