Жогорку Кеӊештин негизги үч ыйгарым укуктарынын бири – улуттук мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу. Парламент бул багытта да ишин жандандырып, мыйзамдардын аткарылуу жүрүмү жаатында маалыматтарды угуп, аткаруу бийлигине тапшырмаларды берүү менен, алардын так аткарылышына көзөмөл жүргүзүшү зарыл. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
«2013-жылы Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча мыйзам кабыл алган. Өкмөт мыйзамды тезинен кабыл алып бергиле, кылмыштуу топторду каттоого алабыз, керек болсо кыйратабыз деген. Бул өтө маанилүү маселе. УКТ мүчөлөрү депутаттыкка шайланбасын, мамлекеттик кызматка дайындалбасын деп жатабыз. Ал үчүн УКТ мүчөлөрүнүн кандайдыр бир тизмеси болушу абзел. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча мыйзам жаатында кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу маалымат угуу зарыл», - дейт эл өкүлү.
КР ЖК Басма сөз кызматы