Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат М.Мавлянова: “Миграция көйгөйүнүн кесепеттери менен күрөшпөй анын кесип чыгуу себептерин алдын алуу керек”

22-09-2016
11:23

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Махабат Мавлянова миграция көйгөйүнө токтолду.

“Миграция көйгөйүнүн кесепеттери менен күрөшпөй анын келип чыгуу себептерин алдын алуу керек”,- деген депутат тышкы жана ички миграция көйгөйүнүн жолун тосуу үчүн жумушчу орундарын түзүү зарылдыгын белгиледи. Бул багытта ички жана сырткы инвесторлорго шарт түзүү, аларга электр энергиясы менен толук камсыздоого кепилдик берүү, “Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фондундагы насыялардын пайыздык коюумун төмөндөтүү сындуу сунуштарын Өкмөткө багыттады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы