Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАРЫЯ: Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу болот

04-03-2019
09:07

2019-жылдын 4-мартында Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Жээнбеков, М. Айнакулов, А. Акматов, А. Жапаров, Р. Туманбаева, К. Бокоев, Э. Токтошев демилгелеген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүлөт

Убактысы жана орду: 4-март, 2019-жыл, саат -  10:00, Жогорку Кеңештин чыгыш залы

Аталган мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлериңиздер болсо коомдук талкууга келип катышсаныздар болот.

Мыйзам долбору http://kenesh.kg/ru/draftlaw/440424/show  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы