ЕАЭБ мыйзамдарынын жоболору аркылуу жөнгө салынбаган бажы иши чөйрөсүндөгү айрым укуктук мамилелер жаӊы мыйзам менен жөнгө салына баштайт

14-03-2019 16:30

Жогорку Кеӊеште бажы иши чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө алуу максатында иштелип чыккан “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине ылайык, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарынын, ошондой эле ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору менен жөнгө салынбаган бажы иши чөйрөсүндөгү айрым укуктук мамилелер жөнгө салынат.

Бир катар депутаттар сунушталган мыйзам долбоору өзгөчө атамекендик ишкерлер үчүн өтө маанилүү экенин, ал кабыл алынып калса, ЕАЭБ мыйзамдарында, жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарында каралбагандыгына байланыштуу укуктук талаш-тартыштарды жараткан маселелер мыйзам алкагында чечиле баштай турганын белгилешти.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 577

Окшош жаңылыктар