Модадан калбас кепичтер бар...

30-03-2019 12:32

Бүгүн, 30 – мартта Жогорку Кеңештин “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев  Жалал – Абад областынын Сузак районуна караштуу Камыш – Башы айылындагы галош фабрикасынын иши менен таанышты. Жаңы ачылган ишканадагы жумуш ыргагына күбө болгон депутат “Резинапродукт” ЖЧКдагы даярдалып жаткан резина кепичтеринин модадан калбастыгын белигеп, анын тарыхы Түштүк Америкадан башталып, кебей өсүмдүгүнөн алынгандыгына токтолуп, кызыктуу фактыларды санады.  Ошондой узак тарыхы бар каучуктан  600 – 800 миң түгөй көлөч даярдалып жаткан фабрикада дагы башка унааларга керектүү резина бут койгучтар (полик) да өндүрүлмөкчү.

Көлөч фабрикасынын ачылыш аземинде депутат Бакыт Төрөбаев, - партия шайлоо алдында  берген убада боюнча 61 ишкана  ачып, 10 миң  жумуш орун түзүүнү пландагандыгын эске салып, азыр ошонун 33 – ишканасы негизделип, жаңы жумуш орундары түзүлүп жаткандыгын белгиледи.    

Ошондой эле эл өкүлү андан аркы сөзүндө, - “Биздин мамлекет  өндүрүштү жолго салып, завод-фабрикаларды ачпаса, ишке заманбап адистерди, модельер-дизайнерлерди чакырбаса, орто кесиптик адистерди даярдабаса анда эртең кеч болуп калат. Бул багытта коңшу мамлекеттер  ыкчамдык менен өнүгүүдө. Статистикага  таянсак  бут кийим  өндүрүү  тармагында   акыркы  үч жыл аралыгында өндүрүш  60%га төмөндөгөн. Ал эми жеңил  өнөр-жай тармагында  импорт  7 эсеге  өскөн. Эгер ушинтип, импортко эле таянып олтура берсек ички рынокту жоготуп алуу коркунучу жаралат”, – деп билдирди парламентарий.

“Жумуш орун бул эмне?” – деген темадагы  иш-чарага ЖК  депутаты Тынчтык Шайназаров жана өкмөт менен жергиликтүү бийликтин  өкүлдөрү катышты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 655

Окшош жаңылыктар