Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин мүчүлүштүгү жок майнаптуу иштеринен баян

04-04-2019 11:05

Жогорку Кеңеш  ушул үстүбүздөгү жылы Бириккен Улуттар Уюмунун “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча конвенциясын” ратификациялап берген.  Аны жүзөгө ашыруу үчүн 10 жылга  деп 6 млрд. сом бөлүнчөкчү. Ал каражатка  социалдык механизмдер жаңыртылып, майыптардын санаториялык-курорттук дарылануусуна, протездик-ортопедиалык буюмдарды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Белгилей кетсек, 18 жашка чейинки майып балдардын ассистенттерине (баккан ата-энеси,же бир туугандары,жакынына) 4900 сомдон төлөнөт.

Бул документтин социалдык-экономикалык абалга тийгизген таасири жакшы. Майыптар коомдун толук мүчөсүнө айлана алса, алар тең укуктуулукка ээ болушат. Билим алууга, иштөөгө, медициналык тейлөөдөн өтүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Бул тууралуу маалымат берип, ЖК Төрага орун басары А.Касымалиева кечээ, 3 – апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Депутатка элдин көпчүлүгү 18 жаштан кийин деле майыптуулугу бар жаран айыгып кетпегендигин айтып кайрылышкан. Тескерисинче, алар  жашы өтүп, кароого өтө муктаж болушат. Андыктан, эл өкүлү, - айтылган сунуштарды  мыйзам чегинде карап чыгып, айрым беренелерге өзгөртүүлөрдү кошумчалоо зарылдыгын белгиледи.    

 “Бул конвенциянын алкагында кабыл алынган ири долбоорду пилоттук негизде баштап, так аткарсак иш илгерилейт. Чүй областынын Москва районунда  атайын уюм бар экен, ал жерде кароосуз калган майыптуулугу бар өспүрүмдөр тарбияланып, өз колдору менен буюмдарды жасап,  аларды Европага чейин сатышууда.Ушундай иштиктүү кадамдарды өкмөт колдоого алышы керек” -дейт А.Касымалиева.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 283

Окшош жаңылыктар