Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Талаштарды чечүүдө альтернативдик ык катары медиация институту сунушталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

15-06-2016
15:11

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Медиация жөнүндө” Мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Галина Скрипкина, Чолпон Жакупова, Асел Кодуранова.

Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында укуктук талаштарды жөнгө салуу жагында медиация институтун колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүүгө, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү, өнөктөштүктүн иштиктүү мамилелерин өнүктүрүүгө, иштиктүү карым-катыштын этикасын калыптандырууга, социалдык мамилелерди шайкештөөгө багытталган.

Мыйзам долбоорунда талаштарды чечүүнүн альтернативдик ыгы катары медиация институтун колдонуу үчүн укуктук шарттар (чыгымдар жагынан майнаптуулугу, талашты кароо мөөнөтүнүн кыскалыгы, тараптардын кызыкчылыктарына жооп берүүчү жол-жоболордун болушу) каралган, ушунусу менен бул мыйзам долбоору адилеттикке жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана жакшыртууга көмөк берет.

Мыйзам долбоорунун 2-окууда келип түшкөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы