Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүнүн мугалимдери менен жолугушту

11-04-2019 14:49

Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү беш мектептен келген мугалимдер менен жолугушту. Жолугушууга билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да катышты. 

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев мамлекеттин келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин белгилеп, андыктан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

“Балдардын татыктуу билим алуусун камсыздоо үчүн алардын окуусуна керектүү болгон бардык шарттарды түзүү менен катар мугалимдердин иш-тажрыйбасын арттырууга да басым жасоо зарыл. Айрыкча, алардын социалдык маселелерин чечүүгө көмөктөшүү учур талабы”, – деди.

Муну менен катар жолугушууда табияты катаал Суусамыр айыл аймагындагы мектептердин жетишкендиктери айтылып, айрым көйгөйлөрү да көтөрүлдү. Белгилүү болгондой учурда өрөөндөгү беш мектепте тең компьютерлер жетишсиз. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маселени өз көзөмүнө аларын билдирип, аны чечүүгө көмөктөшөрүн убада кылды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан 20 жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан демөөрчүлүк жардамдар дагы да улантылары айтылып, эл өкүлү балдардын келечегине багытталган бардык долбоорлорду колдоого аларын билдирди.

Кошумчалай кетсек, депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин колдоосу менен Суусамыр айыл аймагында жыл сайын “Жыл мугалими”, “Акыл Ордо”, “Парламент сүйлөйт” сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулуп, байге катары унаа, эс алууга жолдомо, тиричилик буюмдары жана акчалай белектер тапшылып келет.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 846

Окшош жаңылыктар