Санкт-Петербург шаарында Шериктеш өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын туруктуу комиссиясынын жыйындары өтүп жатат

19-04-2019 12:58

КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындарына Жогорку Кенештин парламенттик делегациясынын мүчөлөрү да катышышты.

КМШнын ПААнын Укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына депутат Нурбек Алимбеков, Саясий иштер жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча комиссиясынын ишине Руслан Казакбаев, ал эми Коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча комиссиясынын жыйынына Искендер Матраимов катышты.

Ошону менен бирге, коопсуздук жана жаны коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу чөйрөсүндө КМШ ПААнын бириккен комиссиясы өткорүлүп, депутат Искендер Матраимов анын ишине да катышты.

Жогорку Кенештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 393

Окшош жаңылыктар