Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Сот сакчылары жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер – депутаттар Галина Скрипкина, Асел Кодуранова, Исхак Масалиев, Максат Сабиров, Тынчтык Шайназаров, Исхак Пирматов.
Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Галина Скрипкина баяндама жасады.
Мыйзам долбоордун концепциясы соттордун кадыр-баркын чыңдоо жана соттордун ишинин көз карандысыздыгын, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу жана сот адилеттигин жүргүзүүгө байланыштуу судьяларга карата коркутуп-үркүтүү жана зомбулук көрсөтүү учурларын болтурбоо үчүн талаптагыдай шарттарды, сот арачыларынын жана сот процессинин башка катышуучуларынын, ошондой эле сот актыларын мажбурлап аткарууда сот аткаруучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сот сакчыларынын институтун түзүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорунун концепциясына ылайык мыйзам долбоор соттордун имараттарын, сот жайларын, сот процесстерин кайтарууну, судьялардын, сот арачыларынын, сот процессинин катышуучуларынын жана күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле сот чечимдерин мажбурлоо менен аткарууда сот аткаруучуларына көмөк көрсөтүүгө чакырылган сот сакчыларынын ишин жөнгө салат.
Талкууда депутат Курманкул Зулушев акыркы мезгилде сот реформасына байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлор каралып жаткандыгын, бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен сот процессинин өз убагында каралышын шарттай тургандыгын билдирди.
Ошону менен катар бул институтту ишке киргизүүгө 2016-жылдын республиканын бюджетинен 50 миллион сом каралгандыгы белгилүү болду.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы