«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Ноокен районунун Арал айылдык кеӊешинин депутаттары менен жолугушту

15-05-2019 14:31

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылдык кеӊешинин депутаттары менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаты Бакыт Сыдыков катышты.

«Өнүгүү» фракциясынын лидери Б.Төрөбаев Жогорку Кеӊештин жалпы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, «Өнүгүү» фракциясы тарабынан демилгеленген мыйзамдар, шайлоочуларга берген убадаларынын алкагында аткарылган долбоорлор тууралуу учкай кеп кылып берди. «Фракциянын максаты элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Бул багытта таза суу, айыл жерлерине машина-трактордук станцияларды уюштуруу, «Жарык шаар» долбоорлору аткарылган. Мындан сырткары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына көбүрөөк көӊүл бурабыз»,- дейт депутат.

Арал айылдык кеӊешинин депутаттары бул айыл аймагында таза суу маселеси курч тургандыгын, июль, август айларында сугат суу жетишсиздиги башкы көйгөйгө айланаарын эл өкүлдөрүнүн астына коюшту. Мындан сырткары, бул айыл аймагында 1960-жылы курулуп, эскилиги жеткен мектептер, бала бакчалардын жетишсизиги боюнча көйгөйлөр айтылды. Сугат суу көйгөйүнүн чечилиши үчүн мурда долбоорлонгон «Чыӊгыз» каналын куруу маселеси дагы көтөрүлдү. Жолугушуу жүрүшүндө айылдык кеӊештин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу маселеси дагы айтылды.

Жыйынтыгында «Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жергиликтүү кеӊеш депутаттары тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелердин орчундууларынын чечилишине көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ноокен районунун Арал айылдык кеӊешинин депутаттары Жогорку Кеӊештин депутаты Бакыт Сыдыковго анын шайлоочулар менен натыйжалуу кызматташып келе жаткандыгы үчүн аталган айыл өкмөттүн Ардак грамотасын тапшырышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 312

Окшош жаңылыктар