Кыргызстандын башкы приоритетин аныктоодо туризмди тандасак эч адашпайбыз. Ошондуктан, жөнү жок кен байлактарга тийишпей, туристтик сервисти жакшыртууга артыкчылык беришибиз керек. - деген депутаттык топ Ысык – Көлдө кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтом долбоорун иштеп чыкты. Анын негизги мазмуну тууралуу маалымат берип, ЖК депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев бүгүн, 15 – майда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.
Депутат Ысык – Көлдөгү эс алуу жайлары жайкы мезгилде ашып кетсе 3 ай иштеп, жылдын калган 9 айы дээрлик бош тургандыгына токтолду. Мындай жагдайды жөнгө салып, туризмдин медициналык багытын өнүктүрүү керек, - деген эл өкүлү, - “Бул жагынан Корея менен Түркиянын тажрыйбалары үлгү болот. Бизде да андан ашса ашып, эч кем калбаган мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Ысык – Көл өзү эле бир катар дартка дабаа болчу касиетке ээ” – дейт.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы