2019-жылдын 15-майында Жогорку Кеӊеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

15-05-2019 16:16

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1-окууда кабыл алынды.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.02.19дагы № 95 токтом);

- “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 01.04.19дагы № 152 токтом);

- “2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 – Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.03.19дагы № 151 токтом);

- “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.03.19дагы № 107 токтом);

- “Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.03.19дагы № 108 токтом).

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 590

Окшош жаңылыктар