“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча 2019-жылдын 31-майында парламенттик угуулар өтөт

30-05-2019 10:26

Кыргыз Республикасынын депутаттык жумушчу тобу жана Жогорку Кеңештин тармактык Комитети менен бирдикте 2019-жылдын 31-майында саат 11.00 дө Жогорку Кеңештин пленардык жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору  боюнча  парламенттик угуулар өткөрүлөт. Бул мыйзам долбоорунда пиво продукциясын акциздик марка менен маркалоо сунушталат.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренесинин талаптарына ылайык угуттуу пиво акциздик товарларга кирет. Бирок, угут пивосу алкоголдук ичимдик болуп саналса да, ага башка алкоголдук ичимдиктерден өзгөчөлөнүп негизсиз акциз салыгын төлөө мөөнөтү коюлган. Пивону акциз маркасы менен маркировкалоого жатуучу акциз төлөнүүчү продукцияларга киргизүү акциз салыгын төлөөнүн мөөнөтү боюнча бардык алкоголдук ичимдиктерге бир түрдүү мамиле түзүүнү жаратат.

2015-жылдан тартып (Кыргыз Республикасынын ЕАЭБга кирген жылы) Кыргызстанга пивону импорттоо жана аны керектөө боюнча, статистикалык маалыматтардын кескин төмөндөгөндүгү байкалат. Маселен, 2015-жылы пивону импорттоо, статистикалык маалыматтарга ылайык 42% кыскарган. Көз карандысыз эксперттердин баасы боюнча мындай кыскаруу статистикалык эсептин бузулгандыгын көрсөтөт жана бажы контролунун токтотулгандыгынан жана ЕАЭБ ички чек араларында бажы статистикасын киргизгендиктен улам салыктарды жыйноо боюнча ыйгарым укуктуу органдын контролунан тышкары алып келинген пивонун эсепке алынбаган импорттун өсүшүнө байланыштуу болгон. Мындай баа ЕАЭБ катышкан өлкөлөрдүн аймактарынан алып келинген бир катар кеңири товарларга (нан жабуу уну, кондитердик азыктар ж.б.) мүнөздүү, буга пиво дагы кошулат. Республика ЕАЭБга киргенде товарлардын өтүп туруусун контролдоонун тартибинин өзгөрүлгөндүгү “эсепке алынбаган”, анын ичинде өзгөчө салыктык эсепке алынган товарлардын кескин өсүшүнө алып келген, анын ичинде акциздик жыйымдар салынуучу товарлар да бар. Ушуга байланыштуу, статмаалыматтарга ылайык, 2015-жылы калктын пивону керектөөсү 23% төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн жагдай статистикалык эсептин аныктыгына шек келтирет, бул мүмкүн маалымат булактарынын, статистикалык эсеп жүргүзүүнүн методикасын өзгөргөндүгүнө байланыштуу болсо керек, бирок ата мекендик пиво кайнатуу тармагынын керектөөчүлөрүнүн жана аны өндүрүүнүн көлөмүнүн кескин өзгөрүшү менен байланышкан эмес. Башкача айтканда, чынында эле 2015-жылы (ЕАЭБга кирген жылы) пивону керектөө кескин дээрлик чейрекке кыскарганбы деген суроо туулат. Керектөөнүн мындай өзгөрүшүнүн себеби эмнеде?

Маркировкалоо төмөндөгүдөй оң өзгөрүүлөргө алып келет:

  • салык төлөөдө бардык ички өндүрүшчүлөрдү теңдештирүү;
  • салык салуунун ачык-айкындыгы жана салык салууда коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу;
  • ак ниет ташып келүүчүлөрдү жана өндүрүүчүлөрдү колдоо, чарбакер субъекттерде салык маданиятын жогорулатуу;
  • акциз жыйымын топтоону жана толук төлөөнү жакшыртуу, ошондой эле республикалык бюджетке келип түшүүлөрдү көбөйтүү.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт жана терс социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Маркировкалоо системасын киргизүү импорттоочулардын жана пивону өндүрүүчүлөрдүн акциздик жыйымдарды жыйноону жана толук төлөөнү жогорулатуу милдетине кызмат кылат, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 150-200 млн. сом өлчөмүндө жыл сайын жогорулатууга алып келет.

         Мыйзам долбоору Жогорку Кенештин официалдуу сайтына 26.04. 2019-жылы киргизилген: http://kenesh.kg/ru/article/show/5282/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-26-aprelya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniya-v-nalogoviy-kodeks-kirgizskoy-respubliki.

Катышуучуларды каттоо үчүн байланыш түйүнү: 63-88-30, факс 0312-63-87-81, эл.дарек: atanbekovaa@mail.ru.

Көрүүлөрдүн саны : 5472

Окшош жаңылыктар