Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Улугбек Ормонов: «Чиптеги маалыматтарды окуй турган аппараттарды орнотуш керек, анте албасак, анда жарандарга мурдагы паспортту кайтып бериш керек»

16-05-2019
10:49

Жарандарыбыз жаӊы паспортко нааразы. Мына, чиптүү паспорттун киргизилгенине эки жылдын жүзү болду, бирок аны окуй турган жабдуулар орнотулган жок. алтургай, андай аппараттар банктарда да жок экен. Ошондон улам, адамдар убара болуп Бишкек шаарындагы атайын борборго кайрылууга аргасыз. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Борбордо паспорт чипиндеги маалыматтарды чечмелеп, ал тууралуу маалымкат беришет. Бекер эмес, акча төлөп. Ал эми элет тургундары алыс жол басып, папорттук столдорго кайрылышы керек. Менимче, паспорт чипиндеги маалыматтарды окуй турган аппараттарды баардык жерге орнотуш керек, анте албасак, анда жарандарга мурдагы паспортту эле кайтып бериш керек», - деди депутат.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы