Депутат Бакыт Төрөбаев: «Чынында эле, шайлоочулардын 60-100 миӊ добушун алган саясий партиялардын парламентке келбей калышы акыйкаттыкка жатпайт»

16-05-2019 11:58

Кыргыз парламентинде калктын калыӊ катмарынын кызыкчылыгын коргой турган эл өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылуу жана бирин-экин эле саясий топтордун үстөмдүүлүгүн орнотпоо максатында, депутаттык мандатты алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын 9 пайыздык добушун 5 пайызга чейин төмөндөтүү демилгеси сунушталууда. Бул тууралуу «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев бүгүн, 16-майда өткөргөн маалымат-жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Депутат жакында парламенттин кароосуна «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун киргизгенин айтты. «Мыйзам долбоору аркылуу 3-5 пайызга чейин шайлоочулардын добушуна ээ болгон саясий партияларга атайын квота – 5 депутаттык мандатты бекитип берүү демилгеси сунушталууда. Чын-чынына келгенде, шайлоочулардын 60-100 миӊ добушун алган партиялардын парламентке келбей калышы акыйкаттыкка жатпайт», - деди ал.

Мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоолордо админстративдүү ресурстардын пайдаланышына бөгөт коюу механизмдери да сунушталып жатканы белгилүү болду. «Мыйзам долбоорунда аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы жонунан 26 иш-чараны жүргүзүүсүнө тыюу салуу демилгеси сунушталды. Анын ичинде шайлоо өнөктүгүнүн учурунда эмгек акыларды көтөрбөө, саясий партияларга акысыз бөлүнгөн теле көрсөтүү убактысынын 3/2 бөлүгүн теледебаттарга арноо сындуу жоболор камтылды», - деди мыйзам долбоорунун демилгечиси.

Андан тышкары, Бакыт Төрөбаев журналисттердин мыйзам долбооруна жана «Өнүгүү – Прогресс» партиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар суроолоруна жооп берди.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 511

Окшош жаңылыктар