Социалдык фонд юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин ортосундагы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жүктөрүн теңдөө демилгесин көтөрүүдө

16-05-2019 13:10

Жогорку Кеӊеште тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты тигүү жана текстиль өнөр жайынын өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү жана бул тармактагы көмүскө экономиканы көрүнөө чыгаруу болуп саналат. “ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөр да тигүү жана текстиль өнөр жай тармагына бир топ жеӊилдиктерди берүүдө. Ошондон улам, Кыргызстандын тигүүчүлөрү көмүскө кетип, жумушчу орундардын кыскаруусу байкалууда.

Мыйзам долбоорунда юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин ортосундагы камсыздандыруу төгүмдөрүн жана киреше салыгын төлөө боюнча төмөнкүлөр белгиленди:

- жалданган кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык тигүү жана текстиль тармагында өндүрүш ишмердигин жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин 5 жылдык мезгилде (2019-жылдан 2023-жылга чейин) орточо айлык эмгек акынын 40-12 пайыз өлчөмүндө.

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү өз убагында же толук  төлөбөгөндүгү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн (жеке ишкерлер жана жеке жактар) камсыздандырылуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөн, жашырган учурларда айыптарды жогорулатуу.

Бул чаралар топтолуп келип камсыздандырылган жарандарды пенсиялык камсыздоо үчүн эле зор мааниге ээ болбостон, текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизерин, ошондой эле эмгек миграциясы менен байланышкан көйгөйлөрдү да чечүүгө мүмкүндүк берерин белгилей кетүү керек.

Бул тармакта 200 миңден ашык адам көмүскөдө иштейт. Көмүскөдө жүргөн 100 миң адам минималдык санынан иштегендердин 30 пайыз (30 миң адам) көмүскөдөн чыгарганда, жылына Соцфонддун бюджетине 334 млн сомдун жана мамлекеттик бюджетке 142 млн сомдун тегерегинде кошумча каражаттын түшүшү күтүлүүдө.

Депутаттар Соцфонддун мындай демилгесин колдой турганын билдиришти. Депутат Улан Примов жеӊил өнөр жайдан тышкары өнөр жайдын башка тармактарына да ушундай эле жеӊилдиктерди караштыруу зарылдыгын белгиледи. Мындай пикирди депутат Алтынбек Жунус уулу да колдоду. Ал эми депутат Гүлшат Асылбаева баардык тармактарга жеиилдик берүүнү сунуштады.

Социалдык фонддун башчысы быйыл күзүндө парламенттин кароосуна ошондой мыйзам долбоорун киргизе турганын айтты. “Баардык тармактарга жеӊилдиктер каралат, бирок азыркыдай 12 пайыз эмес, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коюму тармактын өзгөчөлүгүнө жараша коюлат. Ошондо көмүскө экономиканын 30 пайызы көрүнөө чыгат деген ойдомун”, - деди Медер Ирсалиев.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 790

Окшош жаңылыктар