“Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” мыйзам жаӊы кодекстердин жоболоруна шайкеш келтирилүүдө

16-05-2019 14:04

Жогорку Кеӊеште улуттук ченемдик укук актыларын өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

ЭККМК төрагасынын орун басары Бакир Таировдун айтымында, мыйзам долбоору аркылуу 2019-жылы күчүнө кирген “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын жоболору Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодекске, Жазык-аткаруу кодексине, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" мыйзамга шайкеш келтирилүүдө.

Мындан тышкары, ЭККМК экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, анын иши кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө иши, тергөө жана алгач текшерүү жолу менен аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга, ачууга, тергөөгө багытталган аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ.

Ошондой эле, “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” мыйзамдын 18-беренесинде куралды колдонуу ченеми каралган, бирок кызматкерлердин ок атуучу куралды колдонуусун караган ченем жок. Курал техникага жана жаныбарларга каршы колдонулат, бирок ал адамга карата колдонулбайт. Ошондон улам, кызматкерлердин адамдар каршылык көрсөткөн учурда аларга карата куралды колдонуу үчүн негиз болуучу ченем сунушталууда.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 527

Окшош жаңылыктар