Алыскы чек ара айылдарындагы иш иреттелген менен, аны илгерилете турган адистер тартыш

21-05-2019 15:27

Депутат Жылдыз Мусабекова бүгүн, 21 – майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин алдында Эмгек жана миграция маселелери багытында түзүлгөн жумушчу топтун Баткен областындагы иш чарасынын алкагында Баткен районуна караштуу Самаркандек айылындагы “Үмүт” балдардын кайра калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларынан кабар алды. Кыймыл – аракети жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасында кенже жаштагы бөбөктөрдөн тартып, 21 жашка чейинки кыз да борбордун кызматынан пайдаланышат.  Ал жерге райондун аймагындагы башка айылдардагы ДЦП дартынан жабыркаган балдар келишет.  Алардын өз алдынча өнүгүүсү үчүн атайын шарттар каралган менен, борбордун имартынын эскилиги жетип,  бөлмөлөрү тар.  Андагы көйгөйлөр менен таанышкан эл өкүлүнө борбордун адистери психолог,  логопед врачтардын жоктугун айтып, ушундай кадрларга болгон талап ыкчам чечилсе деген өтүнүчтөрүн билдиришти.

Дарты бар балдарды Ысык – Көл областынын Ак – Суу районундагы балдардын санаторийине жылына 2 ирет алып барып, дарылоо курстарынан өткөрүп турушат. Бирок, жол азабы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бир топ кыйнап коёт. Ошондуктан, аталган реаблитациялык борбордун адистери балдар үчүн авиакаттамдарга квота менен болсо да, атайын орундар камсыздалса, - деп суранышты.

Өз сөзүндө депутат Ж. Мусабекова “Үмүт” балдардын кайра калыбына келтирүү борборундагы балдардын жата турган бөлмөсү, тиешелүү орундуктары жоктугун көрүп, бул жагынан эл аралык уюмдардын да колдоосун тартып келүү убадасын берди. Ошондой эле ал, - чек арага танапташ айылдарга чек ара макамын бергенде адистердин айылдан алыстабасы  калыпка салынмактыгын  белгилеп, бул тууралуу маселе Жогорку Кеңеште байма - бай көтөрүлүп жаткандыгын айтты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы 

 

Көрүүлөрдүн саны : 230

Окшош жаңылыктар