Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку соттун Пленумунун токтомуна милдеттүү мүнөз берилет

15-06-2016
15:18

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Масалиев И.А., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Скрипкина Г.А.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы сот практикасын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомуна милдеттүү мүнөз берүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтому соттук чечмелөөнүн актысы болуу менен мыйзамды туура түшүндүрүү максатын көздөйт, ошону менен сот органдарына мыйзамдуулук принцибин бузбай туруп, акыйкат сотту жүргүзүүгө жардам берет. КР Жогорку сотунун пленумунун бардык токтомдорун кабыл алуу соттордо каралган жазык, жарандык жана административдик көп сандагы иштерди жалпылаштырып талдоо менен байланышкан. Тигил же бул ченемдик укуктук актыны иш жүзүндө колдонууда мыйзамдын маанисин туура эмес түшүнүү, анын кесепетинен аны туура эмес чечмелөө менен байланышкан тергөөчүлөр, судьялар, прокурорлор тарабынан көпчүлүк учурда ката кетирилип жатат. Мына ушундай каталардын алдын алуу жана кетирилгендерин четтетүү үчүн иштин тигил же бул категориясы боюнча сот практикасынын бирдейлигин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында соттор үчүн милдеттүү күчкө ээ болууга тийиш.

Мындан сырткары, жыйында каралган “Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы добуү берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоору судъяларды тандоо кеӊешинин мүчөлөрүнө карата жарандык коомдун ишенимин жогорулатууга жана бул Кеӊештин сапаттуу курамын түзүүгө багытталган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы