Карылардын кадырын билүү – келечек муундарга үлгү

22-05-2019 13:22

Баткен областындагы улуу муундагы карыялардын кеңешип,  кеп кура турган борбору уюштурулган. Ал жердеги ата – апалар бир эле сүйлөшүп чер жазышпастан, пайдалуу жумуштарды да аткарып, тыйын таап алган учурлары бар.  Жууркан көктөп, кургатылган жер – жемиштерди таңгактап, баштыкчаларга салыштырууда да алардын чеберчиликтери жакшы.

Борбордогулар үчүн акысыз чач тарач, мончо кызматтары тейлөө иштерин жүргүзүшөт.

Андагы абал менен таанышуу үчүн ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова бүгүн, 22 – майда аталган геронтологиялык борбордо болду.

Эл өкүлү менен болгон диалогдо андагы карылар балдарынын үй салуусуна жер тилкелери берилбей жаткандыгын айтышып, апалар болсо “Баатыр эне” наамын алуудагы тоскоолдуктар жоюлса, - деп сурашты.  

Карылар ордосундагылар шахмат боюнча турнирлерди уюштуруп, мектеп окуучуларына насаатчылык кылган жолугушууларды өткөрүшөт. “Шайыр апалар” сынагына катышып, өнөрлөрүн да өстүрүп келишет.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызсаты

Көрүүлөрдүн саны : 400

Окшош жаңылыктар