ЖАҢЫЛЫКТАР 27.05.19.

27-05-2019 08:52

Бүгүн, 27 - майдагы Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчёту угулат. “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндөгү” мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу маселе да бул жолку комитет олтурумунун күн тартибинде.

Түз инвестицияларды тартуунун көлөмү бир топ азайгандыгына токтолгон депутат Руслан Казакбаевдин айтымында, ошол эле мезгилде ички инвесторлордун кызыкчылыктары да жетиштүү корголбой жатат.  Ага мисал келтирген эл өкүлү атамекендик ишканаларга колдоо көрсөтүп, алардын өнүмдөрүн сатып өткөрүүдө көмөкчүлүк кылуу жакшы натыйжага жетелемек,- дейт.

                         СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Ата мекендик ишканаларды сактап калуу маселесин депутат Алмазбек Эргешов дагы козгоду. Эл өкүлү өлкөгө контрабандалык товарлардын агылып кирип жаткандыгынан улам, атамекендик ишканалардын иши солгундап, ал ишканаларда иштеген жүздөгөн жарандар чет өлкөлөргө иш издеп чыгып кетип жатышкандыгына кабатырланды.

                        СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Ички инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча 2014-жылы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын тиешелүү чечиминин эске алынбай келе жаткандыгын белгилеген депутат Тазабек Икрамов, - КР Экономика министри О.Понкратовдун ички инвестициянын көлөмүн жогорулатуу же ички инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы иштери илгерилебей жаткандыгын сынга алды.

                        СНХ.Т.ИКРАМОВ

Атамекендик ишкерлерге тиешелүү шарттар жоктугун айткан депутат Абдумажит Юсуров, - Өкмөт өлкөнүн инвестициялык климатын качан жакшыртат? - деген суроонун жообун талап кылды.

                       СНХ.А.ЮСУРОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-майда Ысык-Көл, Нарын областтарында жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Калган аймактардакүн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, ОШ, Жалал – Абад, Баткен: + 23…+28, Ысык-Көл, Нарын:+ 13…+18 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27 – майда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 26…28 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 59

Окшош жаңылыктар