ЖАҢЫЛЫКТАР 31.05.19.

31-05-2019 08:26

Бүгүн, 31-майда “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорлорун талдаган  парламенттик угуу өткөрүлөт. Бул мыйзам долбоору аркылуу пиво продукциясына акциздик марка киргизүү сунушталат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренесине ылайык угуттуу пиво акциздик товарларга кирет. Бирок, угут пивосу алкоголдук ичимдик болуп саналса да, ага башка алкоголдук ичимдиктерден өзгөчөлөнүп негизсиз акциз салыгын төлөө мөөнөтү коюлган. Ушундай маселелерди караган Жогорку Кеңештин пленардык жыйындар залында өтүүчү иш чараны “Парламент” радиосу түз алып уктурмакчы.

“Республика – Ата - Журт” фракциясы бүгүн, 31 – майдагы олтурумунда Акционердик коомдордо мамлекеттик үлүшү бар, улутташтырылган объекттерди жана мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугу боюнча  фракциясынын чечимдеринин аткарылышын карайт. Бул багытта КР вице-премьер-министр Замирбек Аскаров маалымат бермекчи.

Кайрылган сырколууларды талаптагыдай дарылоого шарты жок ордо калаадагы №3 балдар ооруканасынын абалы өтө начарлап кеткен. Айталы, рентгенге түшүү кезегин күткөндөр чубалат. Мындай абалды жеңилдетүү үчүн айрымдарын Жалдагы ооруканага жиберишет экен. Бирок андагы абал деле жыргап кетпегенин депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш кечээки жыйынында билдирди.

                             СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Ден соолук жайларындагы абалды улаган депутат Жылдыз Мусабекова, - “Ат – Башы районундук ооруканадагы орунсуз иштер качан иретке салынат? Андагы дарыгерлердин жетишсиздиги бир маселе болсо, канализациясы иштебей, полдорунун  чирип түшөп жатканы жаңылык деле болбой калды”, - дейт.

                             СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Депутат Максат Сабиров, - “Түп районунун бир катар айылдарында таза суунун тартышытыгы курч көйгөйгө айланды. Туристтерди тейлөөдө да бул кедергисин тийгизчү көрүнүш”, - дейт парламент олтурумунда. Бул маселени чечүүнү талап кылып, Өкмөткө протоколдук тапшырма берилсе деп суранды. 

                             СНХ.М.САБИРОВ

Аткезчиликтин арыгын бууйбуз десек, санариптик тейлөөлөрдү тездетүү керек. Мындай сунушту айткан депутат Жанарбек Акаев, - “Айрыкча эл көп керектеген күйүүчү майлардын сатылыын иретке салып, санариптик көзөмөл орнотулса, азыркыдай сатылып жаткан КММдын ар бир 4 литринин 1 литри контрабандалык товар болбой калат эле”, - деди.

                            СНХ. Ж.АКАЕВ

Түзүлгөнүнө 60 жыл болгон  «Сары-Челек» коругунда сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрү көп. Арасында «Кызыл китепке» киргендери да бар. Бирок, коруктун аймагында 1,3 миӊ жашоочусу бар Аркыт айылы жайгашкан. Эгер корукту сактап калалы десек, анда Аркыт айылын коруктун аймагынан көчүрүп чыгуу керек”, - дейт депутат Алмазбек Эргешов.

                          СНХ.А.ЭРГЕШОВ  

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31-майда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Өрөөндөрдөкүн ачык болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чү, Талас: +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+ 31…+36 градус ысык болот. Ысык-Көл:+ 22…+27; Нарын:+ 23…+28; бийик тоолуу райондордо +6…+11 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 31 - майда жаан жаабайт. Абанын температурасы 32…34 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 223

Окшош жаңылыктар