ЖАҢЫЛЫКТАР 03.06.19.

03-06-2019 08:47

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети депутаттар тобу тарабынан шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.

“Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөгү” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 3- июндагы олтурумунда экинчи окууда каралат.  «Ички жер которуу жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү да талкууга чыгат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 11-октябрындагыМаданият тармагындагы окуу жайларды музыкалык аспаптар, окуу куралдар жана башка тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле «Чатыр-Көл» кинотеатрынын абалы жөнүндө протоколдук тапшырмасынын аткарылышы  тууралуу чечиминин ишке ашырылышы да талданмакчы

Тоо – кен тармагы боюнча 100гө жакын кылмыш иштери козголгондугун айткан депутат Рыскелди Момбеков, - “Бирок, ошол тармакта козголгон кылмыш иштери кайра эле жабылып калып жаткандыгына айрыкча Чаткал районунун калкы кабатырланууда”, - дейт.

                           СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Сугат суу менен камсыз кылуу – өтө маанилүү маселе болгондуктан,  Суу чарба департаментин Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин курамынан чыгарып, өз алдынча ведомстволук статус берүү керек, - деген депутат Зиядин Жамалдинов буларга токтолду:

                           СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Республикалык санэпидемиологиялык станциянын кызматкерлери жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Тогуз – Торо районунун Казарман айлыныдагы калкка андагы таза сууну ичүүгө тыюу салган. 1972 – жылдары курулган андагы суу түтүктөрү да четинен керектен чыгып, эл таза сууга зар. Мындай көрүнүштү көрүп келген депутат Алмазбек Акматов болду.

                          СНХ.А.АКМАТОВ

Жергиликтүү ишкерлерди колдоого анчалык маани берилбей жаткандыгын айткан депутат Аалы Карашев, - “Өзгөн районундагы иштетилип жаткан сары таш сырьёлорунан продукция өндүргөн 4 миңдей жумушчу арабөк жолдо турат. Анткени, аталган таштан даярдалган өнүмдөргө салынган бажы пошлинасы ишке кедергисин тийгизүүдө”, - дейт.

                          СНХ.А.КАРАШЕВ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кабыл алган токтомуна ылайык, депутаттар 6-7-июнь күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат.

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Абанын температаурасы Чүй, Талас:+22…+27​; Ош, Жалал-Абад, Баткен: +24…+29; Ысык-Көл:+18…+23; Нарын:+16…+21; бийик тоолуу райондордо +2…+7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 – июнда  мезгил-мезгили менен күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +23…+25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 50

Окшош жаңылыктар