ЖАҢЫЛЫКТАР 04.06.19.

04-06-2019 08:57

Бүгүн, 4 – июнда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет кезектеги олтурумунда Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнү ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлгөн эсепке алынбаган товарларды айкындоо жана бөгөт коюу, контрабандага каршы күрөшүү, салык жана бажы алымдарын башкарууну жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угат. Ошондой эле КРнын премьер-министри М.Абылгазиевдин, КРнын вице-премьер-министри Ж.Разаковдун жана кызыкдар болгон министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен кечээ, 3 – июнда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулаган парламенттик угуу болуп өттү. Талкууда депутат Аида Касымалиева сунушталган мыйзам долбоорлору буга чейин биринчи окууда кабыл алынганын эске салып, көптөгөн сунуштар келип түшкөнүн белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү мыйзам долбоорлорунун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

                             СНХ. А.КАСЫМАЛИЕВА

Шайлоо босогосундагы белгиленген ченемдер кандай болушу керектигин түшүндүрүүдө депутат Дастан Бекешов өз пикирин мындайча ортого салды.

                             СНХ.Д.БЕКЕШОВ

Депутат Айнуру Алтыбаева күчтүү саясый партия аркылуу күчтүү парламентти түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө кайрылып, жергиликтүү кеңештердин ролун жогорулатуу талаптарына токтолду. Айымдарды депутаттыкка канткенде тартып келүүнүн кеңири жолун ачуу аспектилерин атады.

                            СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары 6-7-июнь күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу чечимине келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому да кабыл алынган.

Депутат Чыныбай Турсунбеков Нарын районуна иш сапары менен барып, Куланак айылындагы бир катар социалдык обьектилердин абалы менен таанышты. Эл өкүлү мындан 40 жыл мурун пайдаланууга берилген Куланак орто мектебинин учурдагы абалын көрүп чыгып, ошондон бери бир жолу да капиталдык ремонттон өтпөгөндүгүн билди. Ошондой эле эелеттеги клуб да жараксыз абалга келгендиги анык болду. Аталган клуб өткөн кылымдын 60-жылдары курулуптур. Имаратынын бир тарабынын дубалдарынан жарака кетип, кулап калуу коркунучу бар.

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-июнда кээ бир райондордо гана жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар себелейт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+ 23...+28, Талас + 20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+ 24...+29, Ысык – Көл, Нарын + 18...+23, бийик тоолуу райондордо +2...+7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +26…+28 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 70

Окшош жаңылыктар