ЖАҢЫЛЫКТАР 10.06.19.

10-06-2019 07:39

Бүгүн, 10 – июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Ички жер которуу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр болсо  биринчи окууга чагырылат. “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы да бул жолку жыйындын күн тартибинде.  

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет КР Өкмөтү менен Литванын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндөгү макулдашуунун концепциясын жактырды. Ага ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат. Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай келишим түзүлгөн.

Депутат Исхак Масалиев эгер мамлекеттик кызматкер шайлоого барса кызмат ордун толугу менен таштап баруусу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал шайлоолор тууралуу мыйзам долбооруна шайлоо босогосун 5%га түшүрүү, шайлоо жыйынтыгында 3% добуш алган партияларга 5 мандатты бөлүштүрүү керектигин айтып, ага негиз болчу бир катар жүйөлөрдү келтирди.

                        СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Баткен областындагы социалдык объектилерге капиталдык салымдар беренеси боюнча канча каражат которулгандыгын тактаган депутат Карамат Орозова чек ара аймагындагы региондун статусун жогорулатууга орчундуу маани берилиш керектигин талап кылды. Жакынкы аралыкта ушул багытта Баткен областында көчө жыйын өткөрүүнү да сунуштады.

                         СНХ.К.ОРОЗОВА

Учурдагы региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында бир катар алыскы айылдардын тургундары үчүн банк кызматтарынан колдонууга шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Улуттук банктын 2018-жылдын иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

                        СНХ. Т.АБДЫГУЛОВ

Токмок шаарындагы жердин кыртышы суулуу келет. Ошондуктан, токой тилкеси көп. Жашыл шаар. Бирок, акыркы мезгилде ошол токой массивдери жок болуп бара жатат. Мындай кыянаттык ишкердикке жол ачуу максатында жасалып жаткандыгы калыстыкпы? – дейт депутат Урматбек Самаев.

                        СНХ.У.САМАЕВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 - июнда көпчүлүк райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт. Айрыкча, Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Ысык - Көл областтарында нөшөөргө айланат. Бийик тоолуу райондордо кар себелеп, тоо этектериндеги айрым райондорго мөндүр түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+ 19...+24, Талас + 17...+22, Ысык – Көл, Нарын + 15...+20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10 – июнда күн күркүрөп жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +21…+23 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 38

Окшош жаңылыктар