“Жайыттар жөнүндө” мыйзамды Жер кодексине шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

10-06-2019 14:40

Бүгүн, 10-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Примов У.Б., Нурматов К.С., Молдобекова Г.С., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Нышанов С.К., Назаров А.К., Айдаров С.А.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жайыттардын айрым тилкелерин жердин башка категорияларына которбостон (транформациялабастан) жер казынасын пайдалануу үчүн берүү жагында Жер кодексине ылайык келтирүү саналат.

Аракеттеги “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдагы жайыттарды башка максаттарга пайдалануу ченеминде “жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт” деп белгиленген. Мыйзам долбоору менен бул ченемге пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана жер казынасын пайдалануудагы инфратүзүм обьектилерин куруу кошумчаланууда.

Комитет мүчөлөрү бул инфратүзүм обьектилери жеӊил конструкцияда болорун тактап, мыйзам долбоорун колдоо пикирлерин ортого салышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу боюнча комитеттин чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 919

Окшош жаңылыктар