Депутат Аида Касымалиева жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жаш адистердин чечилбей келаткан көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору жаатында пикир алышты

10-06-2019 15:30

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Нарын облусунда мектеп окуучулары үчүн жайлоодо уюштурулган жайкы этнолагердин ачылышына катышты. Ал башка аймактарда да ушундай этнолагерлер уюштурулса, балдардын аң-сезимине улуттук баалуулуктарды сиңирүүгө чоң өбөлгө болорун жана ал жакшы жыйынтыктарды берерин баса белгиледи.

Вице-спикери Аида Касымалиева Нарын облусттук жана Ат-Башы райондук ооруканаларына барып, ал жерде элдин саламаттыгына кам коргон дарыгерлер менен жолугушту. Жаш ак халатчандар ординатурада окуу менен бирге, 0,5 ставкада иштеп жатканын, эмгек акыны көтөрүү маселеси чечилбей, дарыгерлерге бериле турган депозиттик насыя толук ишке ашпай жатканын билдиришти. Бирок, жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын, тажрыйбалуу дарыгерлердин жардамы менен жатакана маселеси чечилип бергенин ырасташты.

Жолугушуудан кийин эл өкүлү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, ординатурада окуп-иштеген жаштар менен жаш адистердин узак жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору жаатында пикир алышты. Алар жаш дарыгерлер эмгек акынын аздыгынан улам, бул жерде тажрыйба топтогондон кийин көбүнесе Казакстан менен Россияга кетип жатканын белгилешти.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 922

Окшош жаңылыктар