ЖАҢЫЛЫКТАР 11.06.19.

11-06-2019 08:39

Бүгүн, 11 – июнда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет депутат Кенжебек Бокоев тарабынан демилгеленип жаткан “Электроэнергетикасы жөнүндөгү”  мыйзамдын өзгөртүүлөрүн  биринчи окууда карайт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору талданат. Бул багытта КР Биринчи вице-премьер-министри  Кубатбек Боронов маалымат бермекчи.

Депутат Айнуру Алтыбаеванын пикиринде, шайлоо компаниясындагы  9%дык босогону калтыруу керек. “Анкени, мындай шартта парламентке чындап эле элдин колдоосуна ээ болгон ири-ири партиялар келет”, - деген эл өкүлү, - депутаттыкка келип жаткан талапкерлердин билими тууралуу жагдайга да кайрылды.

                       СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

“Кыргызтелекомго” таандык жер тилкелеринин аянты жетиштүү эле көлөмдү түзсө да, аны сатуудан түшкөн каражат мамлекеттик казынаны калыңдата алган эмес. 2007 – жылдагы ошол соода – сатык иштери кимдир бирөөлөрдүн гана капчыгына кызмат кылганы ачык эле көрүнүп турат. Бирок, укук коргоо органлары ага “а – бу...” – дей алышкан жок. Мындай эски жараттын картын сыйрыган депутат Рыскелди Момбеков болду.

                        СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Депутат Жанарбек Акаев коррупция менен күрөшүү негизинен өкмөттүн иши болуш керектигин айтып, бирок, бул жааттагы жандануу эмнеге “Азаттыктын” журналисттери иликтөө кылгандан кийин, же парламент маселе көтөргөндөн кийин гана ордунан козголуп жаткандыгына кызыкты.

                        СНХ.Ж.АКАЕВ

Коррупция фактылары аныкталып, иш козголду делген менен, жоопко тартылып, жазасын алган фигуранттарды табуу кыйынга турууда. Себептери анык болгону менен, 2015 – жылдан бери ушул “Кыргызтелекомдун” айланасындагы ырбаган иштерге дале чекит коюлбай келе жатат, - деген дагы бир мисалдарга депутат Алмамбет Шыкмаматов токтолду.

                        СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11 - июнда көпчүлүк райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт. Айрыкча, Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Ысык - Көл областтарында нөшөөргө айланат. Бийик тоолуу райондордо кар себелеп, тоо этектериндеги айрым райондорго мөндүр түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык – Көл:+ 20...+25, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+ 24...+29, Нарын + 17...+22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11 – июнда күн күркүрөп жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +23…+25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 36

Окшош жаңылыктар