Балык уулоочу синтетикалык торлорду өлкө аймагына алып кирүүгө, колдонууга тыюу салынат

11-06-2019 11:28

Бул максатты көздөгөн мыйзам долбоорунун концепциясы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 10-июндагы жыйынында каралды.

Комитет жыйынында Жогорку Кеӊештин депутаттары Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен балык кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору менен КР айрым мыйзам актыларына (КР Жазык кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып, жактырылды.

Демилгечи депутат Ж.Турускуловдун айтымында, балык уулоочу синтетикалык торлор бекем келип, сууда чирибейт. Кытайдан кирген мындай торлор арзан болгондуктан, балык уулоодон кийин көлгө ташталып отуруп, суулар мындай торлордун таштандысына толуп барат. Көлдөгү балыктар жана сууда сүзгөн канаттуулар бул торлорго чалынып, андан чыга албай өлгөн учурлары абдан көп. «Өлгөн балыктар менен канаттуулардан чыккан сасык жыт да көл менен суулардын бузулушуна алып келип, бара-бара мындай торлор экологиялык катастрофага алып барууда»,- дейт депутат Ж.Турускулов. Ага кошумча болуп бүгүнкү күндө электр тогу бар кайырмактар менен балык кармаган учурлар дагы суу ичиндеги болгон жандыктарга эбегейсиз зыяны тийип жатат. Азырынча анча билинбеген, бирок келечекте экологияга аябагандай залал алып келүүчү мындай жагдайлардан улам айлана-чөйрөнү сактоону алдын алуу үчүн синтетикалык торлорго, электр кайырмактарын өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору даярдалган. Жогорудагы сунушталган экинчи мыйзам долбоорунда айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандардын жоопкерчилигин жогорулатуу белгиленген.

Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлдөрүнөн буга чейин Ысык-Көлдө 148 миӊ км синтектикалык тор, ал эми Соӊ-Көлдөн 25 миӊ км синтетикалык тор чыгарылгандыгын такташты. Ошону менен катар комитет мүчөлөрү браконьерлерге каршы күрөшүүчү органдардын ыйгарым укуктарын кеӊейтүү зарылдыгын дагы белгилешти.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорлорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 138

Окшош жаңылыктар