Саркынды сууларын башкаруу долбоорунун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат

11-06-2019 12:41

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Каракол жана Балыкчы шаарларынын саркынды суулардан арылуу тутумун жакшыртууга багытталган “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйхам долбоорунун концепциясын жактырды.

Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41,87 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12,84 млн доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө, анын ичинде 8 жыл жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын 65 пайыз суу түтүгү, Балыкчы шаарынын 45 пайыз суу түтүгү жаӊыртылат. Долбоордо суу түтүктөрүнүн сапатына өзгөчө көӊүл бурулат. Андан тышкары, кийинчерээк ушундай эле долбоор Нарын шаарында да ишке ашырыла турганы белгилүү болду.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев долбоорду иштеп чыгуу жүрүмүнө жана аны ишке ашыруу мөөнөтүнө кызыкты. Баяндамачынын айтымында, келишим ратификацияланган кийин долбоор даярдалып, аны ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 152

Окшош жаңылыктар