Турак жай аманат салымдарына жарандардын акча каражаттарын тартуу демилгеси сунушталууда

12-06-2019 12:05

Жогорку Кеӊеште турак жай-аманат кредиттик компаниялардын ишин түзүү жана ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда доюуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

2015-жылы “Арзан турак жай - 2015-2020” мамлекеттик программа бекитилген. Аны ишке ашыруу максатында, мыйзам долбоорунда ипотекалык насыя берүүнүн колдонуудагы схемасы менен катар, жарандардын белгиленген катмарларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн турак жай контракттык каржылоо механизмин жайылтуу аркылуу жарандардын каражаттарын тартуу жол-жоболору караштырылган.

Азыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компания жеӊилдетилген ипотекалык насыя берип жатат, бирок ал калктын ипотекалык кредит берүү сурамдарын толук канааттандыра албайт. Ошондон улам, Турак жай-аманат насыялык компаниясын түзүү, турак жай аманат салымдарына жарандардын акча каражаттарын тартуу негизинде орто мөөнөттүк турак жай каржылоо тутумун түзүү жана аларга узак мөөнөттүү насыяларды берүү демилгеси сунушталууда.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 407

Окшош жаңылыктар