Турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучулары үчүн депозиттерди коргоо тутуму колдонууга киргизилет

12-06-2019 12:55

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Жапаров А.Ү., Турусбеков Б.С., Исаев Ж.Б., Бакчиев Ж.А., Тагаев Э.С., Карашев А.А., Жетигенов Б.Ж.

2-окуудагы мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева алып чыкты.

Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу талабын толук масштабдуу канааттандыруу максатында контракттык турак жай-сактык институтун түзүү сунушталууда. Буга байланыштуу ошол институттун укуктук негиздерин жана толук кандуу ишин камсыз кылуу үчүн мыйзамдуу ченемдерди белгилөө маселеси келип чыгууда. Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын иши банк ишине окшош болгондуктан, контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучулары үчүн депозиттерди коргоо системасын колдонууга киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда, ал Кыргыз Республикасында контракттык турак жай-сактык каражаттар механизмин өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан улам турак жай шарттарын жакшыртууда жарандардын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн турак жай-сактык контракттык институтунун укуктук негиздерин жана толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдык ченемдерди белгилөө максатында мыйзам долбоор демилгеленген.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Г.Асылбаева депутаттар Акылбек Жапаров, Тынчтык Конушбаев жана КР Өкмөтү тарабынан келген жазуу жүзүндөгү сунуштар тармактык комитет тарабынан кабыл алынгандыгын маалымдады.

Талкууда депутат Акылбек Жапаров элдин аманатка үй курабыз деп банктарда сактаган каражаттарына кепилдик берүү боюнча түзөтүүлөр киргизилип жаткандыгын чечмелеп, ал үчүн Германия сындуу өнүккөн өлкөлөрдүн бул багыттагы тажрыйбалары иликтенгендигин айтты. Депутат Айнура Осмонова жөнөкөй жарандардын үй менен камсыздоо боюнча иштер күчөтүлүшү керектигин билдирди. Ал эми депутат Марлен Маматалиев айыл жергесиндегилер насыяга үй алууда кирешелерин көрсөтүшүшү кыйын экенин же мүмкүн эмес экенин айтып, айыл тургундары үчүн башка шарттарды караштырууну сунуш кылды.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 225

Окшош жаңылыктар