ЖАҢЫЛЫКТАР 12.06.19.

12-06-2019 08:54

Бүгүн, 12 – июндагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Атаандаштык жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо экинчи окууда талкууланат.  “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамдын долбоору боюнча өкмөт маалымат берет. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү боюнча демилге да өкмөткө таандык. “2019-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбооруна да көңүл бурулмакчы.  

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырып, парламенттин жалпы жыйынына сунуштады. Бул багытта маалымат берген тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, топтомо пенсиялардын рыногун өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорунда корпоративдик жана кесиптик пенсия түшүнүктөрү камтылган. Акционердик коомдор тибиндеги пенсиялык фонддор калыптанмакчы.

                    СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Депутат Алмазбек Токторов, - “Кардарлар салган каржат инвестицияланган учурда анын күйүп кетүү коркунучу болбойбу? Буга ким кепилдик берет?”- деген суроолорду тактады.

                    СНХ.А.ТОКТОРОВ

Эл арасында туура түшүндүрүү иштери жүрүзүлүшү керектигин айтып, ошол эле маалда пенсиянын топтомо бөлүгүн жыйнап, бирок пенсия алуу курагына жетпей көзү өтүп кеткендердин каражаттары боюнча бир топ баш – аламандыктар бар экендигине депутат Тазабек Икрамов токтолду.

                    СНХ.Т.ИКРАМОВ

Элдин так санын аныктоодо ордо калаанын коммуналдык чарбалары берген маалыматтарга таянууга болобу, же болбойбу? Анткени, туруктуу катталган кишилердин саны менен иш жүзүндө жашап жаткан кишилердин эсеби эки ачакей. Мындай жагдайга депутат Исхак Пирматов "Ички жер которуулар тууралуу" мыйзам долбоору талкууланып жатканда кайрылды.

                     СНХ.И.ПИРМАТОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12 - июнда көпчүлүк райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар себелейт. Ысык – Көл областында жаан катуу жаап, айрым райондорго мөндүр түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+ 21...+26, Талас:+19...+24, Ысык – Көл:+ 16...+21, Нарын + 15...+20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12 – июнда күн күркүрөп жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +23…+25 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 31

Окшош жаңылыктар