Байланыш курулмаларын салуу үчүн жер тилкесин алуу жөнөкөйлөтүлөт

12-06-2019 17:44

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Примов У.Б., Акаев Ж.К., Бекешев Д.Д., Исаков М.А., Эгембердиев М.Б., Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш, Зулпукаров Т.З.

Мыйзам долбоору мобилдик байланыштар жана сапаттуу интернет менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Буга байланыштуу байланыш курулмаларын салуу үчүн жер тилкесин алууну жөнөкөйлөтүү тартиби менен учурдагы көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетте каралганда мыйзам долбоору талкууланганда демилгечилер жана тиешелүү тараптар менен орток пикир табылып, бир катар тактоолор киргизилген. Ага ылайык, мыйзам долбоору менен жайыттар ижарга берилбейт деген принцип сакталган. Байланыш курулмалары өзгөчө корголуучу аймактарга курулбайт жана мыйзам долбоорунан жерди коомдук муктаждык үчүн алып коюу маселеси алынып салынган. Ошону менен катар колдонуудагы мыйзамдын жайыт жерлерин башка максаттарга пайдалануу жөнүндө беренеси аркылуу жайыт жерлерин пайдалануу КР Өкмөтүнүн чечими аркылуу чечилмекчи.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 220

Окшош жаңылыктар