Депутат Бактыбек Турусбеков: «Мен бул маселени көтөргөнүмдү койбойм, Өкмөттүн өкүлү жооп бергенден тажабайт, маселе болсо дагы эле чечилбей турат»

13-06-2019 10:02

Жакында эле Ысык-Көлгө барып келдим. Туристтик мезгил башталып калды, бирок даярдык анчалык жакшы эмес экен. Өкмөт менен бирге барып, андагы абалды жеринен көрүп келсек жакшы болмок. Мен бул маселени көтөргөнүмдү койбойм, Өкмөттүн өкүлү жооп бергенден тажабайт, маселе болсо дагы эле чечилбей турат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Туристтик мезгил башталганга чейин Балыкчы – Корурмду жолунун Тору-Айгыр тарабындагы бөлүгү салынат деди эле, ал курулбай калды. Жергиликтүү тургундар 3 жылдан бери кыйналып бүттү. Мен бул маселени көтөрө берем. Көптөгөн көйгөйлөр чечилбей турат, аларды өз маалында чечиш керек да. Айтып койгула, бул маселелер боюнча Премьер-министрдин оюн уккубуз келет», - деп кошумчалады депутат.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 103

Окшош жаңылыктар