Пенсионерлерге кошумча киреше алып келе турган топтолмо пенсиялык фонддордун тутуму кеӊейтилүүдө

13-06-2019 11:59

Жогорку Кеӊеште пенсионерлерге кошумча киреше алып келе турган топтолмо фонддорду түзүүгө багытталган “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Мамфинкөзөмөл кызматынын төрагасы Санжар Мукамбетовдун айтымында, банктык эмес финансы рыногун түзүүдө топтолмо пенсиялык фонддордун иши олуттуу ролду ойнойт. “Топтолгон каражатты түзүүнүн жана инвестиция кылуунун эсебинен жарандарды пенсия менен камсыз кылуу ишин жакшыртуу топтолмо пенсиялык институтту түзүүнүн башкы максаттарынын бири болуп саналат”, - деди ал.

Баяндамачы көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, топтолмо пенсиялык фонддор эӊ ири каржы уюмдары болуп санала турганын, анын эсебинен пенсионерлер такай саякатка чыгып турушарын, мындай саамалыктын Кыргызстанда деле ийгиликтүү иштеп кете турганына толук ишеним бар экенин айтты.

Ал үчүн негизинен төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:

акционердик коом түрүндөгү жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү;

корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фондорду киргизүү;

пенсиялык камсыздоо тутумун өркүндөтүү концепциясын ишке ашыруу;

мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу пенсиялык фонддор рыногун өнүктүрүү.

Белгилей кетек, Социалдык фонддун маалыматына караганда, ушу тапта топтолмо пенсиялык фонддо 10 млрд сом топтолуп, аны инвестициялоонун аркасында ал каражат 18 млрд сомго чейин көбөйтүлдү.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 552

Окшош жаңылыктар